Жогорку Кеңештин депутаты Турсунбай Бакир уулу Украиналык мушкер, саясатчы Виталий Кличкого байланыштуу бир окуяны эскерди. Муну депутат өзүнүн интернет баракчасы аркылуу жарыялады. Депутат ал окуяны минтип эскерет:
“2011-жылы Кутаисиде Виталий Кличко автоунаа айдоого эл аралык укук алган. Ага жолугушууга эч кимди коё бербей жатышты. Мен “Виталий, биз сенин тарыхый мекениң Кыргызстандан болобуз” деп кыйкырдым. Анда ал жан сакчыларына “Балдар, коё бергиле, булар менин жердештерим!” деп буйрук берди. Биз жылуу пикир алыштык. Киевдеги уулума “эгер саясатчы болууну кааласаң, Кличконун партиясына гана кир” деп айткам”.