НАТО (Түндүк Атлантика Келишим Уюму) Украинадан аскер күчтөрүн тез арада чыгарып кетүүнү Орусиядан талап кылды. Муну бүгүн, 3-мартта чет элдик ММКлар жарыялашты. Европалык аткаминерлер Орусиянын аракеттери эл аралык келишимдерди бузуп жатканын белгилешет. Уюмдун мүчөлөрү Орусияны БУУ, ЕККУ, НАТОнун алдындагы өзүнүн милдеттерин урматтоого чакырып, Украинанын бир дагы аймагына кийлигишпөөнү талап кылышты.