Бишкектеги Перинаталдык борбордо тирүү ымыркай өлүккө алмаштырылды

Бүгүн, 3-мартта маалымат жыйынында Саламаттыкты сактоо департаментинин башчысы Амангелди Мурзалиев “Бишкектеги Перинаталдык борбордо бала алмаштыруу фактысы катталды” деп журналисттерге жарыялады.

Анын айтымында, 2014-жылдын 27-февралында аталган мекемеге төрөгөн аялдын туугандарынан бала алмаштыруу боюнча маалымат түшкөн. Департамент кескин түрдө тергөө амалдарын жүргүзүп, бала алмаштыруу фактысын аныктаган.

“Перинаталдык борбордо тирүү ымыркай төрөлгөн. Аны төрөт үйүнүн кызматкерлери өлүк ымыркай кызга алмаштырышкан. Бул факты боюнча кеңешме өткөрүлүп, анын натыйжасында 3 дарыгер жана 3 акушер кызматынан бошотулду”,- деди Мурзалиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан