Бишкек шаарындагы акча алмаштыруучу жайларда доллардын баасы 57,70 (сатуу) жана 56,50 (сатып алуу) сомду түзүүдө. Бүгүн эртең менен эле бул көрсөткүч 55 сом болчу. Улуттук банкта 1 доллардын баасы 53,9 сом деп көрсөтүлүүдө. Маалыматтарга караганда, айрым акча алмаштыруучу жайлар сомду долларга айландыруудан баш тартышууда.
Айта кетсек, 2014-жылдын 1-февралынан бери сомго карата доллардын баасы 7 сомго өстү.