Ош шаарындагы Амур-Темур, Ак-Тилек, Туран жана Бир-Адыр кичи райондоруна буга чейин жаратылыш газы берилчү эмес. 1-марттан тарта аталган аймактар жаратылыш газы менен толук кандуу камсыз болду. Бул тууралуу бүгүн, 3-мартта мэриянын басма сөз катчысы Гүлзина Аманова билдирди.
Бул маселени жөнгө салууну шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев жеке көзөмөлүнө алганы айтылды.