Ош технологиялык университетинде «ОшТУ мырзасы-2014» кароо-сынагы болуп өттү

28-февралда Ош технологиялык университетинде Жаштар комитети тарабынан уюштурулган факультеттер  арасындагы «ОшТУ мырзасы-2014» кароо-сынагы өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 3-мартта окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди.

Сынакка ар кайсы факультеттен 9 бала 5 тапшырма боюнча ат салышып, сынак жогорку деңгээлде өткөрүлдү. 

Катышуучуларды баалоо үчүн Ош шаардык мэриясынын Жаштар иштери боюнча комитетинин өкүлдөрү, Ош Улуттук драма театрынын маданият кызматкерлери келишти.

 

Ал эми жеңишке жетишкен мырза апрель айында боло турган Ош шаардык мэриясынын Жаштар иштери боюнча комитети уюштура турган “Сулайман тоо мырзасы-2014” жигиттер сынагына катышмакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан