Бүгүн, 3-мартта КРнын Премьер-министри
Жантөрө Сатыбалдиев Өзгөчө кырдаалдар министрлигине Казакстандын Жамбыл облусунда катталган жол кырсыгынан мерт болгон жарандардын сөөгүн Кыргызстанга алып келүүнү жана жабыркагандарга тиешелүү жардам берүүнү тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.