Кубанычбек Идинов, эксперт: "Сомго карата доллардын курсунун өсүшүнөн азык-түлүк кымбаттайт"

Доллардын өсүп жатышы кооптонуу жаратат. Бул тууралуу экономика илимдеринин доктору, профессор Кубанычбек Идинов билдирди.

Айтымында, доллар өссө, товарларга болгон баа кымбаттайт. Мындан карапайым эл кыйналышы мүмкүн.  

Чынында, дүйнөлүк экономикада доллардын курсу өсүүдө. Анткени АКШнын Каржы боюнча федералдык кызматы долларды мурункудай инвестицияга көп чыгарбай, токтотуп койду. Бул бир жагынан кыйынчылыктарды жаратса, экинчиден, ички өндүрүшчүлөрдүн бутка туруп алышына шарт түзөт”,- деди Идинов. 

Айта кетсек, бүгүн, 3-мартта Бишкек шаарындагы акча алмаштыруучу жайларда 1 доллардын баасы 57,70 сомду түздү. Эртең менен эле бул көрсөткүч 55 сом болчу. Бир катар акча алмаштыруучу жайлар сомду долларга айландыруудан баш тартышууда. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан