Алмазбек Атамбаев Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзинпинге Куньмин шаарындагы терактка байланыштуу көңүл айтты

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Куньмин шаарындагы терактка байланыштуу Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпинге көңүл айтты. Бул тууралуу бүгүн, 3-мартта КРнын Президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мамлекет башчысы үстүбүздөгү жылдын 1-мартында Куньмин шаарында болгон террордук кол салуунун натыйжасында көп адам каза тапкандыгы тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алганын белгилеп, каза тапкандардын туугандарына жана жакындарына көңүл айтып, жаракат алгандардын баары тезирээк сакайып кетишин каалаганын билдирип коюуну өтүнгөн.

Белгилей кетсек, 1-мартта Куньмин шаарындагы темир жол бекетинде капкара кийинген 10дон ашык адам чоң, узун бычактары менен жүргүнчүлөрдү четинен өлтүрүп киришкен. Бир нече мүнөттүн ичинде темир жол бекети кызыл жаян канга боёлуп, өлүктөр жана жабыркагандар толуп чыккан.

Жергиликтүү полиция кызматкерлери окуя болгон жерден 4 кылмышкерди атып өлтүрүшкөн жана бирөөсүн колго түшүрүшкөн. 

Кытай бийликтери бул ишти уюштурууга Синьцзян-Уйгур автономиялык районунун сепаратисттерин күнөөлөп жатышат жана алар катуу жазаланышарын айтышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан