Бүгүн, 3-мартта Ноокат районунда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун кабыл
алынгандыгына байланыштуу тынчтык митинги жана жүрүш болуп өттү. Бул
тууралуу Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын билим берүү бөлүмүнүн
басма сөз катчысы
Зайнабидин Мамасадыков билдирди.
Маалыматка
ылайык, аталган иш-чарага Ноокат районунун мекеме-ишканаларынын башчылары, кызматкерлери, мектеп
окуучулары, шаар тургундары катышышты. Тынчтык митингин ачып жатып Ноокат райондук мамлекеттик
администрациясынын биринчи орун басары
Мамадалы Дүйшеев КРнын желеги бүгүнкү күндө дүйнө жүзүнө таанылып жаткандыгына
токтолду. Ошондой эле ал катышуучуларды кыргыздын улуттук баш кийиминин урматына негизделген Ак калпак күнү менен куттуктап, бул баш кийимдин маани-маңызы бийик экенин
билдирди.