Жогорку Кеңештеги комитет жыйынына бүгүн, 3-мартта Кара-Суу шаардык кеңешинин депутаттары катышты

Бүгүн, 3-мартта ЖКнын Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитетинин жыйынына Ош облусунун Кара-Суу районундагы жергиликтүү кеңештердин жана Кара-Суу шаардык кеңешинин депутаттары катышты.

Жергиликтүү кеңештин депутаттары комитеттердин, фракциялардын жана парламенттин жыйынына катышуу менен жыйындарды өткөрүү тартиби, маселе талдоо жана каралган маселе боюнча чечим кабыл алуудагы өзгөчөлүктөр боюнча тажрыйба топтоого келишиптир.

ЖКнын депутаты Абдимуталип Кочкорбаев жергиликтүү кеңештин депутаттарынын бул иш сапары пайдалуу болорун белгилеп, алар тарабынан көтөрүлүп жаткан көйгөйлөр буга чейин дагы Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан көтөрүлүп келгенин билдирди. Комитет төрагасы Сайдулла Нышанов бул комитетке түз тиешеси болбогон маселелерди тармактык комитеттерге тапшыра тургандыгын айтты. Ал эми өсүмдүктөрдүн биологиялык жактан коргоо маселеси боюнча комитет жыйынына келген айыл чарба жана мелиорация министри Таалайбек Айдаралиев жергиликтүү кеңештин депутаттарын министрликтеги Өсүмдүктөрдү биологиялык жактан коргоо мекемесине алып барып көрсөтмөй болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан