Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитетинин 3-марттагы жыйынында депутаттар өлкөдө доллардын курсунун өсүп жатышын парламент жыйынында кароону сунушташты. Мындай пикирди депутат Равшан Жээнбеков билдирди. Жээнбеков 1 доллардын курсу 58 сомго чыгып кетишин мисал келтирип, маселени жакын арада кароо зарыл экенин белгиледи.