Жогорку Кеңештин депутаттары Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы камактагылар үчүн кымбат баадагы азык-түлүк сатып алып, кайра базарда сатып жатканын айтып чыгышты. Коррупцияга каршы күрөшүү комитетинин 3-марттагы жыйынында депутат Туратбек Мадылбеков “Алар кымбат баадагы азыктарды сатып алышат. Азыкты зектер жесин деп эмес, кайрадан базарга алып чыгып сатуу үчүн алышууда” деп билдирди.
Депутат бул боюнча Башкы прокуратура менен Эсептөө палатасы текшерүү жүргүзүшү керектигин айтты.