Кыргызстандын жеке ишкерлери тажрыйба алуу максатында Тажикстанга барышат

2014-жылдын 3-5-мартында Жаш ишкерлер ассоциациясынын (ЖИА) мүчөлөрү Тажик Республикасынын борбору Дүйшөмбү шаарында иш сапары менен болушат. Бул тууралуу бүгүн, 3-мартта аталган уюмдун басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, иш сапардын негизги максаты - эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык байланышты жандандыруу жана ишкерлердин кызматташуусу боюнча маселелерди талкуулоо.

Анда Тажикстандын соода-өнөр жай палатасынын, “АСОТ” аттуу Тажикстан ишкерлер ассоциациясынын өкүлдөрү менен жолугушуусу жана Кыргызстан менен кызматташууга кызыкдар болгон ишкерлердин эки тараптуу сүйлөшүүлөрү күтүлүүдө. 

Ошондой эле тажрыйба алмашуу максатында Тажикстандагы өндүрүш, кайра иштетүү боюнча ишкана жана фабрикаларына экскурсия уюштурулат.

“Өзгөчө белгилеп кете турган нерсе, иш сапар эки өлкөнүн ортосунда болуп өткөн акыркы окуяларга карабастан, кызматташууга, өнүгүүгө жана достук мамилелерге өз салымын кошоруна терең ишенебиз”,- деп кабарлады ЖИАнын басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан