Ош. Айтмамат Кадырбаев шаар тургундарын Мамлекеттик желек күнү менен куттуктады

Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев шаар тургундарын 3-Март - Мамлекеттик желек күнү менен куттуктады. Бул тууралуу мэриянын басма сөз катчысы Гүлзина Аманова билдирди.

 

"Урматтуу Ош шаарынын тургундары! Сиздерди бүгүнкү 3-Март - Мамлекеттик желек күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм. Желек - бизди патриоттуулукка тарбиялап, келечегибиз болгон жаштарга мекенди даңазалоодо чоң жардам берип келет. Эң башкысы, биздин кыргыз экенибиздин бирден-бир белгиси болуп саналат. Ошондой эле жаштарды мамлекеттик желекти сыйлоого чакырам",- дейт Кадырбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан