ЖКнын тармактык комитетинде “Дашман” коругу боюнча маселе каралды

Бүгүн, 3-мартта ЖКнын Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитетинде “Дашман” мамлекеттик коругу боюнча маселе каралды. Маселени кароого Жалал-Абад облусундагы Базар-Коргон районунун Арстанбап, Кызыл-Үңкүр, Могол жана Талдуу-Булак айылдарынын кайрылуусу себеп болду.

Аталган айылдардагы жергиликтүү кеңештин депутаттары “Дашман” аймагы расмий корук деп аталганга чейин эле сакталып келгендигин, мындан ары дагы аны сактап калууга кызыкдар экенин айтышты.

Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору Сабир Атажанов “Дашманды” сактоо зарылдыгын белгиледи. Талкууда депутаттар эл аралык конвенцияларга ылайык, мындай уникалдуу аймактарды коруу зарылдыгын, андыктан токтомду жокко чыгарууга болбостугун белгилешти. Токойлордун кыйылып кетпөөсүнө жол бербөө үчүн жергиликтүү тургундардын отун-суу, жылуулук маселесин дагы чечип берүү керектиги айтылды.

Жыйынтыгында жергиликтүү элдин суроо-талаптарын эске алуу менен корукту сактап калуу маселеси өкмөткө тапшырылды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан