Бүгүн, 3-мартта Бишкектин "Ала-Тоо" борбордук аянтында Кыргызстандын Мамлекеттик желегинин күнү белгиленүүдө. Бул иш-чарага Бишкектеги жогорку окуу жайлар менен кесиптик лицейлердин студенттери катышты. Иш-чаранын ачылышында эмгек, миграция жана жаштар министри
Алиясбек Алымкулов сөз сүйлөдү. Ал Мамлекеттик желек күнүн белгилөө салтка айланып келе жатканын кошумчалады.
"Быйыл төртүнчү
ирет өткөрүлүп жатат. Максатыбыз кыргыз мамлекетинде жашаган элдерди бир желектин алдына бириктирүү болуп саналат. Эгемендүү кыргыз элин ынтымакка,
биримдикке чакыруу, ошондой эле күчтүү мамлекетти түзүү. 2014-жылды президентибиз
Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылы деп жарыялады, ошого салымыбызды кошуу",- деди ал.
Иш-чаранын расмий ачылышынан соң келген конокторго кыргыз эстрада ырчылары катышкан концерттик программа тартууланды.