Доллардын баасы рекорддук чекке жетти. Бишкек шаарында 1 доллардын баасы 60 (сатуу) сомду түзүүдө. Ал эми сатып алуу - 57 сом. Ушундай эле өсүш евродо да байкалууда. Алсак, түшкө жакын эле 1 евро 76 (сатуу) сомду түзүп жатса, түштөн кийин 80 (сатуу) сомду чапчыды. Айрым эксперттер мындай көрүнүш кооптонууну жаратарын айтышууда.