Федерация Кеңеши Путинге Орусиянын АКШдагы элчисин чакыртып алууну сунуштады

Федерация Кеңешинин (Орусия) Эл аралык иштер боюнча комитети өлкө башчы Владимир Путинге Орусиянын Вашингтондогу элчисин чакыртып алуу кайрылуусун колдоого алды. Маалымат бүгүн, 3-мартта белгилүү болду.

“Бул биздин гана сунушубуз, акыркы чечимди мамлекет башчы өзү кабыл алат”,- дейт аталган комитеттин төрагасынын орун басары Владимир Жабаров. Документке кеңештин төрайымы Валентина Матвиенко кол койду.

Айта кетсек, документти даярдоого сенатор Юрий Воробьёвдун демилгеси негиз болду.

Украинадагы кырдаал боюнча сенатор АКШнын президенти Барак Обама орус элин шылдыңдаганын айткан. “Орусия Украина боюнча өзүнүн багытын өзгөртпөсө, көп төлөшү керек болот” деп жатат. Бул орус элин кемсинтүү”,- дейт Воробьёв.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан