Ингушетиянын башчысы Улуу Ата Мекендик согуш маалында ингуш элине жардам бергени үчүн кыргыз элине рахмат айтты

Ингушетия Республикасынын башчысы Юнус-Бек Евкуров кыргыз элине ыраазычылык билдирүү жөнүндөгү катты КРнын Президенти Алмазбек Атамбаевге жөнөттү. Бул тууралуу бүгүн, 3-мартта президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү жарыялады.

“Улуу Ата Мекендик согуш маалында, 1944-жылдын 23-февралында ингуштар өз тарыхый мекенинен көчүрүлгөн. Ошол учурда ингуш элинин жарымынан көбү каза тапкан. Кыргызстандын миңге жакын тургуну ингуштардын кайгысын бөлүшүп, жардам көрсөтүшкөн: оорукчандарды сакайтышкан, каза тапкандарды жерге беришкен”,- деп жазылат катта.

Мындан тышкары ал “Ингуштар үчүн Кыргызстан экинчи мекен болуп калды. Бүгүнкү күнү да көптөгөн ингуштар Кыргыз Республикасында жашап келишетИнгушетия Республикасынын жана өзүмдүн атымдан кыргыз элине жардамы үчүн чын жүрөктөн ыраазычылыгымды билдирем”,- деп айтылат Ингушетиянын башчысынын катында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан