Тармактык комитет “2012-жылга республикалык бюджеттин аткарылышы” боюнча мыйзам долбоорун жактырды

Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитети бүгүн, 3-мартта “2012-жыл үчүн республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчётту бекитүү тууралуу” мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды.

Каржы министрлигинин маалыматына таянсак, 2012-жылдын бюджетинин аткарылуу жыйынтыгы менен жетишилген макроэкономикалык көрсөткүчтөр бири-бирине негизинен дал келет. Ал эми бюджет тартыштыгы ички дүң өнүмгө карата 6,6 пайызды түздү. Бюджет чыгымдары да мурдагы жылга салыштырмалуу 6 миллиард сомго көбөйгөн.

Бир катар тышкы карыздар кечилгендиктен, тышкы карыздарды тейлөө жаатында 400 миллион сом башка жакка жумшалды. Жыл аягында эл аралык каржы уюмдарынан келип түшкөн 2 миллиард сом толугу менен 2013-жылдын бюджетине чегерилди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан