Кыргызстанда азык-түлүктүн кескин кымбатташына жол бербөө үчүн топ түзүлдү

Өкмөттүн аппарат башчысы Нурханбек Момуналиевдин чечими менен өлкөдө социалдык маанилүү товарларга баанын кескин көтөрүлүүсүн болтурбоо үчүн сунуштарды иштеп чыга турган мекемелер аралык топ түзүлдү. Муну бүгүн, 3-мартта өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 

Жумушчу топ керектөөгө зарыл болгон социалдык маанилүү товарлардын баасына күнүгө мониторинг жүргүзөт жана өкмөт аппаратына республиканын аймактарындагы баалар боюнча маалымат берип турат.

Жумушчу топко бир аптанын ичинде социалдык маанилүү товарларга баанын кескин көтөрүлүүсүн болтурбоо үчүн сунуштарды киргизүү тапшырмасы берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан