Жогорку Кеңеш: Украинадагы кыргыздар балдарын, жакындарын Кыргызстанга жөнөтүп жиберип, өздөрү иштеп жатышат

Бүгүн, 3-мартта Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Каныбек Иманалиев Кыргызстандын Украинадагы элчиси Улукбек Чыналиев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Сүйлөшүүдө Украинадагы Кыргызстандын элчилигинде кыргызстандык жарандар үчүн ыкчам кызматтагы телефондор иштеп жатканы, мекендештердин коопсуздугу боюнча тынчсызданууга себеп жоктугу белгилүү болду. 

Киевдеги баш аламандыктарда жабыркагандардын арасында Кыргызстандын жарандары жок. Украинада 6 миңдей мекендештер: студенттер, ишкерлер, мигранттар жашайт.

Элчилик Кыргызстандын жарандарын ар кандай массалык акцияларга катышпоого жана каршылык акциялары өтүп жаткан жерлерге барбоого чакырат. Украинанын Крым, Севастополь жана башка шаарларындагы көптөгөн мекендештерибиз бала-чакасын жана жакындарын Кыргызстанга жиберип, өздөрү жумуштарын улантып жатканы айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан