Донецктин "элдик губернатору" Путинден аймакка аскер күчтөрүн киргизүүнү суранды

Эл тарабынан 1-мартта "элдик губернатор" болуп шайланган Украинадагы Донецк облусунун башчысы Павел Губарев Орусиянын президенти Владимир Путинден аймакка аскер күчтөрүн киргизүүнү суранды. Муну бүгүн, 3-мартта орусиялык ММКлар жарыялашты. Донецк облустук кеңешинен Украинанын Жогорку Радасын, министрлер кабинетин жана Киев тарабынан дайындалган обладминистрациянын бардык жетекчилерин легитимсиз деп табууну талап кылууда Губарев. 

Айта кетсек, бүгүн облустук администрациянын алдына жаңы дайындалган губернатор Сергей Тарутка каршы жергиликтүү тургундар митингге чыгышты. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан