Улуттук банк сомдун курсун коргош үчүн валюталык интервенция жасап баштады. Бул тууралуу кечээ, 3-мартта Улуттук банктын жетекчисинин орун басары Сүйөркул Абдыбалытегин билдирди.
Анын айтымында, валюта рыногу бир-эки күндүн аралыгында калыпка келет. Улуттук банк рынокто абал турукташкыча өз ишмердүүлүгүн активдүү жүргүзөт.
Ошондой эле учурдагы сомдун наркынын түшүп жатышына орус рублинин курсунун төмөндөп кетиши да себеп болуп жатканын баса белгиледи.
Эске сала кетсек, кечээ, 3-мартта доллардын баасы рекорддук чекке жеткен. Бишкек шаарында 1 доллардын баасы 60 (сатуу) сомду түзүүдө. Ал эми сатып алуу - 57 сом. Ушундай эле өсүш евродо да байкалууда.