Жалал-Абад. 8-Март - Аялдардын эл аралык күнүнө карата “Эне - ааламдагы нур” аттуу сынак өтүүдө

Жалал-Абад шаарындагы мектептер арасында 8-Март - Аялдардын эл аралык күнүнө карата “Эне - ааламдагы нур” деген аталышта сынак өтүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 4-мартта мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Сынакка 9-класстын окуучулары катышууда. Иш-чара Шаардык билим берүү башкармалыгы жана «Ариет» балдар чыгармачыл борбору тарабынан уюштурулду. 

“Ариет” балдар чыгармачыл тобунун жетекчиси Жыпар Аманкулова: “Мындай сынакты уюштуруунун максаты - алгач кыргыз тилин өстүрүү жана улут аралык биримдикти чыңдоо. Анткени азыр биздин катышуучуларыбыздын арасында өзбек мектептеринин да окуучулары бар жана алар да кыргыз тилинде даярданып катышып жатышат”,- деп билдирди.  

Белгилей кетсек, сынакка бештен команда катышып, жеңүүчүлөрү финалга чыгат. Ал эми финалдын  жыйынтыгы 5-мартта чыгарылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан