Евромайдандын активисти Михаил Лебедь Украинанын президенти Виктор Януковичтин жүрөк оорусунан каза болгондугун "Фейсбуктагы" баракчасына жазды. Ага бул маалыматты Ростов-на-Донудагы кардиологиялык борбордо иштеген досу кабарлаганын айткан. Бул тууралуу бүгүн, 4-мартта чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Активисттин айтымында, жүрөгү кармап калган Януковичти аталган борборго 3-мартта Москва убактысы боюнча саат 23:00дө алып келишкен. Тилекке каршы, 1 сааттан соң президенттин жүрөгү сокпой калган.
Журналисттер активистке байланышка чыгышканда, ал “Ишенбейсиңерби?! Ооба” деген жооп узаткан. Бирок азырынча президенттин каза болгондугу тууралуу расмий маалымат чыга элек.