ОшТУнун алдындагы аскердик факультет жаңы окуу куралдары менен толукталды

Ош технологиялык университетинин алдындагы жогорку окуу жайлар аралык аскердик факультетине КСДП фракциясынын Ош шаары боюнча координатору Т.Бакиров, координатордун орун басары А.Атажановдун колдоосунун негизинде 15 даана айдоочуну уктатпоочу каражат (антисон), 30 даана противогаз, 5 даана химиялык коргоочу окуу шаймандары белек катары тапшырылды. Бул тууралуу ОшТУнун басма сөз катчысы Рамис Ыдырысов бүгүн, 4-мартта билдирди. 

Жогорку окуу жайлар аралык аскердик факультетинин жетекчиси М.Ташбеков бул окуу шаймандары билим алып жатышкан курсанттар үчүн табылгыс окуу куралы экенин баса белгилеп, жардамга кол сунгандарга аскердик факультеттин атынан ыраазычылыгын билдирди. Ушундай эле 5 даана айдоочуну уктатпоочу каражат ОшТУнун автоунаа факультетинде билим алышкан студенттерге да тапшырылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан