Ысык-Ата районунун Люксембург айылындагы "Келечек" балдар үйү АКШдагы "Кыргыз, салам!" кыргыз диаспорасынан жардам алышты. Бул тууралуу бүгүн, 4-мартта "Замандаш" ассоциациясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, аталган диаспора балдар үйүнө 2 компьютер, 2 плазмалык сыналгы, 2 DVD-ойноткуч, бут кийимдерди, мөмө-жемиш, таттууларды жана кир жуучу каражаттарды беришти.
Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө "Келечек" балдар үйүндө 50 бала тарбияланат.