“Бардык кыргызстандыктар өз номурларын каттоодон өткөрүшү керек. Буга чейин SIM-картаны сатып алып, уюлдук оператор менен келишим түзбөстөн пайдаланып жүргөндөр бир жылдын ичинде өзүнүн SIM-картасын каттоодон өткөрүүсү талапка ылайык. 2014-жылдын 8-мартынан тарта ар бир абонент SIM-картаны сатып алып жатканда келишим түзөт. Келишим бардык байланыш операторлору үчүн кызмат көрсөтүүнүн негизги нормаларын жөнгө салууга шарт түзөт”,- деди бүгүн, 4-мартта Мамлекеттик байланыш агенттигинин директору Чыңгыз Бекташов.
Анын айтымында, персонификациялоонун негизги артыкчылыгы - алдамчылык аракеттерден коргоого, SIM-карта же уюлдук телефон жоголгон учурда калыбына келтирүүгө мүмкүнчүлүк бергенинде.