Бүгүн, 4-мартта Жалал-Абад шаарындагы Курманбек аймактык башкармалыгында жыйын болуп өттү. Анда негизинен аткарылып жаткан иштер жана болуп жаткан маселелер каралды. Жол маселеси, таштандыларды өз убагында алуу, электр энергиясы менен камсыз кылуу жана көчөлөргө дарактарды отургузуу көйгөйлөрү талкууланды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
№14-кварталдын комитети Касым Сатиев: “Жолдор оңдолуп жатат, бирок былтыркы жылы сапатсыз кеңейтилген Бабкин көчөсү, Эркиндик көчөсүнөн Темир жол көчөсүнө чейинки жол кеңейтилип, ноябрь айында асфальтталып бүткөн. Бирок азыркы күндө ошол көчөдө унаалар эмес, адамдардын басышы кыйын. Жол оңдолгондон бир айдан кийин бузула баштаган”,- деп билдирди.
Ошондой эле электр энергиясынын жетишсиздиги, жарыктын өчүрүлүүсү жана күңүрт берилген жарык үчүн төлөп жатышкандыктарын айтышты. Ошону менен биргеликте көчө комитеттеринин айлык маяналарын карап берүү сунушталды.