“Ата Журт” фракциясы “Ата Мекенден” Конституциялык мыйзамдар боюнча комитетти суроодо

Парламенттеги “Ата Журт” фракциясы Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш комитетин өзүнө өткөрүп берүүнү “Ата Мекен” фракциясынан суроодо. Муну бүгүн, 4-мартта ЖКнын Регламент жана депутаттык этика комитетинин жыйынында “Ата Журттун” лидери Мыктыбек Абдылдаев билдирди. Фракциясында 23 депутат калганын айткан Абдылдаев аталган комитет учурда төрагасыз экенин белгиледи.  “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Асия Сасыкбаева комитет берилбей турганын айтты.

Эскерте кетсек, аталган комитетти мурда “Кумтөр” маселеси боюнча депутаттыктан баш тарткан Эркин Алымбеков жетектеп келген. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан