Кыргызстанда жазгы талаа иштерине керектелүүчү күйүүчү май жетиштүү. Муну бүгүн, 4-мартта маалымат жыйында Нефтетрейдерлер ассоциациясынын жетекчиси Медетбек Керимкулов билдирди. Айтымында, күйүүчү майды дыйкандар мунай базаларынан жана өлкөдөгү бардык май куюучу жайлардан алышса болот. Быйыл дыйканчылык иштерине жалпы 120 миң тонна күйүүчү май керектелсе, анын 97 миң тоннасын дизель майы, 23 миң тоннасын бензин түзөрү айтылды.