“Аалам сырларына” байланыштуу аудиожазуудан улам коомчулукта талкууга алынып жаткан Дана Абдыбекова “Супер-Инфо” гезитине “ак көңүлдүгүмдүн айынан колдонулуп калып, күйүп жатам” деп кайрылды. Учурда ал Бишкектеги Психикалык ден соолукту чыңдоо боюнча республикалык ооруканада дарыланып жатат. Көзүнөн салаа-салаа жаш куюлган абалда. Өзүнүн айтымында, буга чейин Улуттук кардиология борборунда дарыланууга аргасыз болгон.
“Мен бул окуядан ушуну түшүндүм, адамга бир туугандары жана эне-атасы гана чын дилден күйөт экен. Дос деген жок экен” деп буркурап ыйлап жатты. Ал: "Асыл Аппасованын “Индира Исманкулова 30 миӊ доллар алып келсин” деп айтканы чындык. "Асыл эже, бул өтө эле чоӊ сумма эмеспи?" деп нес болуп калдым. Мени ортодо көзү ачык менен жетекчи, мисалы, Асыл Аппасова колдонуп коюшту. Индира менин артымдан тигилерден өч алды. Булар акчаны колдоруна алышат беле, жокпу, билбейм, мен деле көк мээ эмесмин да, акчаны колума алмак эмесмин да. "Бар, өзүнө алып барып бер" демекмин. Ушул жерден мени колдонуп кетишти",- дейт.
Сүйлөшүүдө учурда коомчулукка ачык айтылбай жаткан, аталган көрсөтүүнүн Айбек Акматов ысымдуу кызматкерине байланыштуу дагы бир жагдай ачылды. Дана айымдын айтымында, берүүдө катышуучулар менен редактор Айбек Акматов катышкан былык иштер билинип калган. “Эмнеге Асыл Аппасова чындыкты жаап-жашырып жатат, түшүнбөйм” дейт каарманыбыз.
КТРКнын Байкоочу кеңеши бул маселени өз жыйынында караганда Асыл Аппасовага да, Назира Айтбековага да “Эгер эч кимден акча талап кылбаган болсоңор, “акча сурап жатат” деп атыӊарга көө жапса, анда Дана Абдыбекованы эмнеге эмдигиче сотко берген жоксуңар?” деген суроо беришкен эле. Мындай суроону Дана Абдыбековага да бердик. “Беш мүнөт эмес, бир секундада мени сотко беришсе болмок. “Аалам сырларына” эч кандай тиешем жок болсо, болгону эки тарап теӊ мени пайдаланып, куурчак кылып коюшту” дейт ал. 10 күндөн бери ооруканалап жүргөнүн, УКМК менен прокуратурадан чалып жатышканын, ал эми чогуу иштешип-чайлашып келген адамдар “Кандайсыӊ?” деп абалын суроого жарабагандарын айтып кейиди.
Уюштуруучу топко, берүүнүн катышуучусу Индира Исманкуловага карата көп нааразычылыгын айтып: "Силерге берген маегинде "Дана келип акча сурады" деп айтыптыр. Чынында, өзү чалып, чакырып, "мага сен гана жардам бере аласың" деп жалынып-жалбарган эле",- деп билдирди. Ал акыры келип кимдин ким экени билинерине ишенерин баса белгилеп өттү.
Буга чейин чуулгандуу окуяда эки тарап, Индира Исманкулова жана көрсөтүүнүн уюштуруучу тобу болуп келсе, эми берүүнүн редактору Айбек Акматовдун ысымы аралашкан шектүү жагдай билине баштады. КТРКнын Байкоочу кеӊеши бул окуяга байланыштуу жыйын өткөрүп, жыйынга Асыл Аппасова менен Назира Айтбекова келип, Айбек Акматов катышкан жок эле. Кеӊештин мүчөлөрү аны сурашканда “эмгек өргүүсүндө” дешкен. “Ал иштеген берүүгө байланыштуу ушундай чуулгандуу иш териштирилип жаткан күндө өргүүдө болсо да жыйынга аны алып келишиӊер керек эмес беле?” деген суроону берүүнүн жетекчилиги жоопсуз калтырышкан. Учурда Айбек Акматов менен байланышка чыгууга аракет кылып жатабыз. Ал эмнени айтат? Анын оюн-пикирин да окурман-көрөрмандын назарына алып чыгууга аракет кылабыз. “Супер-Инфо” иликтөөсүн улантат.