Таалайбек Айдаралиев: "Жазгы талаа жумуштарында дыйкандардын маселелери өткөн жылдарга салыштырмалуу чечилди десек болот"

Жаздын биринчи илеби келип калды. Араван районунда жазгы айдап-себүү иштери башталды.  Дыйкандарыбыздын суроо-талабы менен жер семирткичтер берилүүдө. Ошондой эле быйыл дыйкандарга 4 миллиард 900 миллион сомдук насыя берилет. Эгер суроо-талап жогору болсо, анын көлөмү 7 миллиард сомго чейин жетет. Насыялардын пайыздык ставкасы дагы былтыркыга караганда төмөн. Жылдагыга караганда жазгы талаа жумуштарында дыйкандардын маселелери чечилди десек болот”,- деди айыл чарба жана мелиорация министри Таалайбек Айдаралиев бүгүн, 4-мартта.

Ошондой эле министр мырза жазгы сугат иштерине да даярдыктар жүрүп жатканын белгиледи.

“Сугат маселеси боюнча иштер жүрүп жатат. Арыктарды тазалоо иштерине техникалар жетиштүү”, - деди Таалайбек Айдаралиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан