ЖКнын Регламент жана депутаттык этика комитетинин 4-марттагы жыйынында депутат Нурбек Мурашев Улуттук госпиталдын дарыгери менен болгон чырды иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүүнү сунуштады. Мурашев факт боюнча Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогонун билдирди.
“Мени "мас абалында дарыгерди урган" деп айтышууда ММКлар, андай эмес. Мен чырдашып кеткен иним менен дарыгерди ажыраткам”,- деди депутат.
Комитеттин мүчөлөрү бул ишти укук коргоо органдары иликтеши керектигин айтышты.