Жалал-Абад шаарында Аялдар күнүнө карата салтанаттуу аземди өткөрүүгө 135 миң сом бөлүндү

Жалал-Абад шаарында 8-Март - Аялдардын эл аралык күнүнө карата салтанаттуу азем 7-март күнү Барпы атындагы облустук драма театрында өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 4-мартта мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Шаарда жашап жана эмгектенген 200 аялга белек берилип, иштеген тармагында жетишкен ийгиликтери үчүн 17 айым Ардак грамота менен сыйланат. 

Майрамга арналган иш-чаранын алкагында Баатыр энелер, согуш ардагерлери жана өзгөчө эмгеги үчүн сыйланган энелер жана ар тармактардан жетишкендиги үчүн сунушталган айымдар белектерге ээ болушмакы. 

Жалал-Абад шаардык мэриясынын аппараттык жетекчиси Талант Исмаилов белгилегендей, майрам ээлерине атайын концерттик программа уюштурулат жана бул иш-чараны уюштуруп, өткөрүүгө шаар бюджетинен 135 миң сомдон ашык акча каражаты бөлүнгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан