Кыргызстанда 1 айдын ичинде баалар 20 пайызга өссө, анда Монополияга каршы комитет бааларды жөнгө салуу аракетин жасайт. Муну бүгүн, 4-мартта Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин жетекчисинин орун басары Кеңешбай Тайлаков билдирди.
“Экономика министрлиги жана Улуттук статистика комитети кырдаалга мониторинг жүргүзөт. Бааларды негизсиз көтөрүүлөр бар. Эгер бир айдын ичинде 20 пайыздан ашып кетсе, Экономика министрлиги бааларды жөнгө салууну сунушташы керек”,- дейт Тайлаков.