Бүгүн, 4-мартта Бишкекте өтүп жаткан Кыргызстан мусулмандарынын кезексиз V Курултайы аяктады.
Эскерте кетсек, аталган иш-чарада жалгыз талапкер Максатбек ажы Токтомушев муфтийликке шайланды. Андан соң Кыргызстан мусулмандарынын жобосу кошумчалар жана өзгөртүүлөр менен бекитилди. Мындан тышкары Аалымдар кеңешинин төрагасы кызматына Абдышүкүр ажы Нарматов шайланды. Курултайга Жогорку Кеңештин 4 депутаты катышты.
Кыргызстандын муфтийлигине жаңы шайланган Максатбек ажы Токтомушев “муфтияттагы коррупцияны жоёбуз жана терроризм, диний экстремизм менен күрөшөбүз” деп убада берди.