Ахматбек Келдибеков ооруканадан УКМКга которулду

Жогорку Кеңештин депутаты Ахматбек Келдибеков ооруканадан УКМКнын аскердик-медициналык жайына которулду. Муну бүгүн, 4-мартта депутаттын жактоочусу Татьяна Чильникина маалымат жыйынында билдирди. Маалыматка таянсак, дарыгерлер Келдибековду курорттук-ден соолукту чыңдоо борборунда дарылоо керектигин айтышыптыр. Бирок муну тергөөчүлөр туура эмес түшүнүп, алар депутатты курортто эс алат деп кабыл алганын айтат жактоочу. “Операциядан кийин адам калыбына келиш үчүн атайын кароо талап кылынат”,- дейт Чильникина. 

Эскерте кетсек, буга чейин Келдибековдун бутуна жана колуна операция жасалган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан