АКШ менен Улуу Британия Сочиде боло турган паралимпиадалык оюндарга өкмөт өкүлдөрүн жөнөтүүдөн баш тартышты

Бүгүн, 4-мартта чет элдик маалымат каражаттары АКШ менен Улуу Британия Сочиде боло турган паралимпиадалык оюндарга өкмөт өкүлдөрүн жөнөтүүдөн баш тартышкандыгы тууралуу жазып чыгышты. Мындай билдирүүнү АКШнын президенттик администрациясы тараткан. 
Маалыматка ылайык, эки өлкө мындай чечимди кабыл алышканын Орусия менен Украинанын ортосундагы кырдаалга байланыштуу деп түшүндүрүшкөн. Ошондой эле мындай чечимдин айынан америкалык 80 спортчу аталган спорттук иш-чарага катышпай кала тургандыгы айтылган.
Белгилей кетсек, Сочи паралимпиадалык оюндары 7-мартта башталат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан