Бишкекке апрель айында 16 жаңы троллейбус алынып келет. Муну бүгүн, 4-мартта мэриянын маалымат кызматы кабарлады. Бишкек мэриясына караштуу Троллейбус башкармалыгынын билдиришинче, учурда борбор шаарда 63 троллейбус бар. Анын 35и жапыз троллейбус, тактап айтканда, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандардын оңой киришине ылайыкташкан.
Айта кетсек, бүгүн Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитетинин депутаттары Бишкекте эл аралык келишимдер боюнча жасалып жаткан иштер менен таанышууда.