АКШ Орусия менен бардык аскердик кызматташуусун токтотту. Муну бүгүн, 4-мартта чет элдик маалымат булактары жарыялашты. Пентагондун өкүлү Жон Кирбинин билдиришинче, биргелешкен машыгуулар жана порттор менен кызматташуу жөнүндө кеп болуп жатат.
АКШнын Соода башкармалыгынын өкүлү эки тараптуу соода кызматташтыгы токтогону жөнүндө билдирүү жасады. Ошондой эле инвестициялык сүйлөшүүлөрдүн токтогону айтылды. Айта кетсек, 2-мартта АКШнын Мамлекеттик катчысы Жон Керри Орусия экономикалык кыйынчылыкка туш болгону жатканын билдирген эле. Батыш менен Орусиянын мамилеси Федерация кеңешинин орусиялык жарандарды коргоо үчүн Украинага аскердик күчтөрдү киргизүү чечимин кабыл алгандан кийин кескин курчуду.