Алмаз Касенов: "Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын түрлөрү аныкталды"

Өткөн жумада Түркияда Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү боюнча жумушчу тобунун кезектеги жыйыны болуп өттү. Ал жакта көчмөндөр оюндарынын түрлөрү аныкталды. Ал эми 3-5-апрелде ошол оюндардын эрежелери такталып, келе турчу өлкөлөргө берилет. Быйыл күзүндө өтүүчү көчмөндөрдүн оюнунда көк бөрү, ат чабыш, оодарыш, ордо, тогуз коргоол, күрөш боюнча кыргыздын гана спорт оюндары болот. Муну менен биз дүйнө жүзүнө кыргызда кандай оюндар бар экенин көргөзүүнү жана туристтерди тартууну максат кылуудабыз”,- деди Улуттук оюндарды өнүктүрүү борборунун жетекчиси Алмаз Касенов.

Анын айтымында, Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Чолпон-Ата шаарында өтөт. Учурда ага даярдыктар жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан