Жантөрө Сатыбалдиев Украинанын Кыргызстандагы элчисин кабыл алды

Бүгүн, 4-мартта премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев дипломатиялык ишмердүүлүгүнүн аякташына байланыштуу Украинанын Кыргызстандагы элчиси Владимир Соловейди кабыл алды.

Өкмөт башчы элчиге Кыргызстанда иштеп жаткан учурдагы кызматташтыгы жана мамлекеттер ортосундагы соода-экономикалык мамиленин өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

Владимир Соловей Кыргызстан менен Украинанын товар жүгүртүүсүндө туруктуу жогорулоого алып келген экономикалык байланыштардын тереңдеши боюнча чоң иштер жасалганын айтты. 2013-жылдын жыйынтыгы менен мамлекеттер ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү 159 миллион доллар болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан