"Жарандарыбызга карата укук коргоо
органдары тарабынан кыйноолорду колдонуу фактылары дагы эле орун алып келе
жатат" деп билдирди бүгүн, 4-мартта КРнын Акыйкатчысы
Б.Аманбаев маалымат жыйынында.
Анын айтымында, Баш
мыйзамдын 22-беренесинин ченемдери одоно бузулууда. Ал 22-беренеде "Эч ким кыйноолорго, башка адамкерчиликсиз, мыкаачылык
же кадыр-баркты басмырлаган мамилеге же жазалоого туш болушу мүмкүн эмес. Эркиндигинен ажыратылган ар бир адам өзүнө гумандуу
мамиле жасалышына жана адамдык кадыр-баркынын сакталышына укуктуу" деп
жазылганын баса белгиледи.
"2010-жылы биздин өлкөдө конституциялык реформа
жүрүп, авторитардык режимден
парламенттик демократияга багыт
алганбыз. Тилекке каршы, тоталитардык көрүнүштөрдүн тартип коргоо органдарында орун алып жатканы
өкүнүчтүү. Алар кармалган адамдарга карата ар кандай басмырлоолорду колдонуу
менен тийиштүү көрсөтмөлөрдү алуу үчүн кыйноолорду пайдаланышат. Кармалган жарандар өзүлөрү жасабаган кылмыштарды моюнга алууга
мажбур болушат. Өткөн 2013-жылдын жыйынтыгы боюнча КР Акыйкатчы
аппаратына кыйноолор фактысы боюнча 57 адам кайрылган. Ал эми
башка укук коргоо органдарына кыйноо
фактылары боюнча 300дөй арыз түшкөнү белгилүү болду. Кыйноолорду колдонуу көбүнчө укук коргоо органдары
тарабынан жүргүзүлөт. Бирок ал фактылар боюнча кылмыш иши козголбой келе
жатканы өкүнүчтүү",- деди акыйкатчы өз сөзүндө.Мындан сырткары акыйкатчы жыйын учурунда 2013-жылдын октябрь айында пландуу текшерүү учурунда УКМКнын СИЗОсунда тартылган видео жана фотоматериалдарды көрсөттү. Анда эки колу көк ала болгон жана бөйрөк тушуна сабалган
жаран К.Н. "башыма мүшөк кийгизип сабашты” деп акыйкатчыга айтып
берген.
Ушул материалдардын негизинде Б.Аманбаев КРнын Башкы прокуратурасына 2 ирет кайрылып, бирок “кылмыш ишин козгоого негиз жок”
деген жоопту алган. Үчүнчү ирет фото жана видеоматериалдарды тиркеп
жөнөткөнүн, ошондо да кылмыш иши козголбогондуктан, ал КРнын Башкы прокуратурасынын мындай чечимине макул эместигин билдирип, Октябрь райондук
сотуна доо арыз менен кайрылганын маалымдады.
Маалымат жыйынынын жүрүшүндө акыйкатчы Б.Аманбаев
жакында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине “Кыргызстандагы кыйноо
фактылары боюнча” атайын баяндамасын жолдогонун маалымдады. Ал баяндамада
кыйноолорду болтурбоо боюнча тийиштүү мамлекеттик органдарга бир катар сунуштар
камтылганын Б.Аманбаев белгиледи.