Жогорку Кеңештин Экономика жана фиксалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы Карганбек Самаков 4-марттагы комитеттин жыйынында кийинки жумадагы отурумда валюталар курсунун өсүшү тууралуу маселени талкуулоону сунуштады.
Ал доллардын курсу 55 сомдон 60 сомго көтөрүлгөнүн кошумчалап “бул боюнча кеңейтилген жыйын өткөрөлү. Улуттук банктын кызыкдар болгон өкүлдөрүн чакыралы. Балким бул көрүнүшкө коммерциялык банк, акча алмаштыруу бекеттери себепкер болуп жаткандыр. Анын кесепеттерин ойлонуштуруу керек” деди ал.