Кыргызстан кыргыз-тажик чек арасындагы бардык көзөмөл- өткөрүү бекеттерин ачат

Кыргызстан 5-март күнү эртең менен кыргыз-тажик чек арасындагы бардык көзөмөл-өткөрүү бекеттерин ачат. Бул тууралуу тажикстандык басылмалар жазып чыгышты. 
"Мындай чечим 3-мартта Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында делимитация жана демаркация маселеси боюнча Кыргыз-тажик өкмөттөр аралык комиссиянын отурумунда кабыл алынды” деп айтылат маалыматта. 
Мындан сырткары чек арада чыр чыккан учурда ок атуучу куралды колдонбоо тууралуу сүйлөшүүлөр жүргөн. Дүйшөмбүдөгү сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө талаш-тартыш жараткан аймакта тараптар эки көпүрө куруу чечимине келишкен. Бирин Тажикстан, экинчисин Кыргызстан курат. Ошондой эле марттын аягында Тажикстанда кезексиз отурум өткөрүүнү айтышты.
Эске салсак, 11-январдагы кыргыз-тажик чек арасындагы атышуудан улам Кыргызстан бир тараптуу негизде көзөмөл-өткөрүү бекеттерин жапкан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан