Бишкек шаарында 2013-жылы электр энергиясы боюнча 10 278 даана адистештирилген электр эсептегичтери ("акылдуу" эсептегич) орнотулган. Муну бүгүн, 4-мартта мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Учурда мындай эсептегичтерди орнотуу иши Ынтымак, Арча-Бешик, Көк-Жар, Көлмө конуштарында уланып жатканы айтылды.
“Түндүк электр” ишканасы былтыр Кызыл-Аскер конушуна аталган типтеги эсептегичтер коюлгандан кийин электр кубатын пайдалануу 74 пайызга өскөнүн билдирет.