Борбордук шайлоо комиссиясы Канатбек Исаевдин депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту. Чечим БШКнын 4-марттагы жыйынында кабыл алынды.
Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин мурунку депутаты жакында Чүй облусунун башчысы болуп дайындалган эле.